Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

19-июнга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
18-июнда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
19-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Нарын облусунун жана тоолуу райондордун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,
Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33,
Баткенде түнкүсүн 15...20 күндүз 30..35 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21 күндүз 31...36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6..11 градус, күндүз 21...26
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 22..27,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3..+2, күндүз 17...22,
Тоолордо түнкүсүн 0...-5, ал эми күндүз 7..12 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15...17, күндүз 31...33 градус болот.

Бүгүн (18-июнда) эртен менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 17 градус болду.

XS
SM
MD
LG