Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Отунбаеванын уулу Ташиевди сотко берет


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевди сотко берет. Бул тууралуу Садыбакасов бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Учурда тиешелүү документтерди даярдап жатканын айтты.

Садыбакасов Ташиевдин ага карата сөздөрү негизсиз экенин айтууда.

Ташиев 7-июнда парламенттин жыйынында Отунбаеванын уулу MegaCom компаниясындагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет MegaCom уюлдук компаниясынан коррупциялык жол менен мамлекетке 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен үч адамды кармаган.

MegaCom уюлдук компаниясынын ("Альфа Телеком" ачык акционердик коому) акцияларынын 49 пайызы апрел окуясынан кийин улутташтырылган. Калган 51 пайызына ээлик кылуучулар так аныктала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG