Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Египет: "Мусулман агайыңдар" шайлоодо жеңгенин жар салды


Египетте "Мусулман агайындар" кыймылы талапкери Мохамед Мурси президенттик шайлоону жеңгенин жар салды. Кыймылдын саясий канаты - "Эркиндик жана Адилет" партиясы билдирүүнү Твиттерге жайгаштырган. Кыймыл Мурсини “Египеттин эл тандаган алгачкы президенти” деп сыпаттайт. Алгачкы расмий эмес санактарга караганда, Мурси добуштардын 52 процентин жеңди, Хосни Мубарактын тушунда өкмөттү жетектеп турган Ахмед Шафикке 48 процент тийди.

Экс-премьердин кеңсеси өнөктүктүн жыйынтыктарын шайлоо комиссиясы гана жарыялай алаарын белгилеп, Мурсинин жеңиши жөнүндөгү билдирүүгө “айран калганын” айтууда. Мубарактын режими кулатылгандан кийинки алгачкы президенттик шайлоонун расмий санактары 21-июнда белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG