Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Ошто жол кире кымбатташы мүмкүн


Ош шаардык жүргүнчү ташуу агенттиги коомдук унаадагы жол акыны кымбаттатуу боюнча сунушун шаардык кеңешке жиберди. Бул тууралуу “Азаттыкка” агенттиктин башчысы Искендер Жороев билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу көпчүлүк айдоочулар тарифтерди көтөрүүнү суранып жатат.

“Сунуш-кат даярдап, шаардык кеңешке жибердик. Депутаттар карап, макулдугун берсе, маршруттук унаадагы жол акыны 10 сом, автобустукун 7 сом, троллейбустукун 5 сом кылабыз”,- дейт Жороев.

Учурда Ошто маршруттук унаа жүргүнчүлөрдү 8, автобус 6, троллейбус 4 сомдон ташыйт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG