Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Ооганстандын Каписа чөлкөмүндө бомба жарылды


Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Каписа аймагында бомба чабуулунан 4 полициячы жана карапайым 1 адам жан таслим болду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргенине караганда, алыстан башкарылган бомбанын жарылуусунан АКШ каржылаган Ооганстандын чөлкөмдүк полициясынын командачысы, анын баласы жана эки жан сакчысы набыт кетти. Кол салуудан кеминде 15 киши жараланды. Айдын башында Каписада франциялык 4 жоокер оогандык тилмечи менен кошо окко учкан. Ал окуядан кийин Франциянын президенти Франсуа Олланд француз контингентин чыгаруу ишин ыкчамдатылаарын жарыялады. 3 миң 400дөй аскерден турган франциялык контингент Каписа чөлкөмүндө жайгашкан.

XS
SM
MD
LG