Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Муфтийге каршы митингчилер ачык талкууга чакырылды


Бүгүн Жогорку Кеңеш алдына чыгып муфтий Чубак ажы Жалиловдун муфтияттан кетишин талап кылган митингчилерди депутат Каныбек Осмоналиев ачык талкууга чакырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" митингдин уюштуруучусу Жыпарбек ажы Тойчубеков билдирди.

Анын айтымында, митингчилерди Жогорку Кенештин билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев кабыл алып, 26-июнда тегерек үстөл талкуусун өткөрүп, ага муфтияттан 10 киши, өкмөттөн 10 киши жана бүгүнкү митингге чыккандардан 10 киши чакырууну сунуштады.

"Бирок биз ага барбайбыз деп чечтик", - дейт Тойчубеков.

Бүгүн парламент алдына 20 чакты адамдан турган топ митинг өткөрдү. Алар муфтий Чубак ажы Жалилов жана анын тегерегиндеги диний билими жок адамдар муфтияттан кетсин деген талапты коюшту. Алардын оюнча, мусулман дин башкармалыгында салттуу исламды тутунган адамдар иштеш керек. Нааразы топ азыркы муфтий мыйзамсыз келген жана муфтийди Уламалар кеңеши шайлап, Кыргызстан мусулмандар курултайы бекитиш керек деп эсептейт.

Кыргызстанда көптөн бери муфтийдин тегерегиндеги талаш уланып келатат. Муфтият болсо ажылыкты уюштурууну колго алууга кызыкдар топ муфтийди кетирүү аракетин көрүп жатканын, булардын артында курамында бийлик өкүлдөрү бар топ тураарын айтып келет. Дин башкармалыгы муфтий Чубак ажы Жалилов мыйзам жолу менен шайланып келгенин буга чейин билдирген. (ZB/SM)

XS
SM
MD
LG