Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Египетте аскерлер бийликти июнда өткөрүп берет


Египетти башкарып жаткан аскердик кеңеш бийликти жаңы шайланган президентке ай соңунда өткөрүп берээрине ишендирүүдө. Кеңештин жогорку даражалуу өкүлү генерал Мохаммад ал-Асар бийликти өткөрүү “чоң салтанат” менен коштолоорун билдирди. Жекшемби күнкү президенттик шайлоону ким жеңгени 21-июнда шардана кылынат деп күтүлүүдө. Исламчыл "Мусулман агайыңдар" кыймылы талапкери Мохаммад Мурси утканын жарыялады. Анын атаандашы, Хосни Мубарактын тушунда өкмөттү жетектеп турган Ахмед Шафиктин кеңсеси өнөктүктүн жыйынтыктарын шайлоо комиссиясы гана жарыялай алат деп нааразылыгын билдирди. Алдын ала расмий эмес санактарга ылайык, Мурси алдыда баратат.

XS
SM
MD
LG