БУУнун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нэви Пиллай Сирия режимин адамгерчиликке каршы кылмыштар үчүн айыптады. Женевада өткөн жыйында БУУнун өкүлү өкмөттүк армия айыл-кыштактарда оор техника колодонуп жатат, муну балким согуш кылмыштары катары кароого болот деп билдирди. Пиллайдын айтымында, кылмышкерлерди, анын ичинде Улуттар уюмунун байкоочуларына кол салгандарды жоопко тартуу керек. Кризис тереңдеген сайын карапайым сириялыктардын абалы ого бетер оорлоду, - деп белгиледи Пиллай. Ишембиде БУУнун байкоочулар миссиясы зордук-зомбулуктун күчөшүнөн улам кырдаал кооптуу боло баштагандыктан өз ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган.