Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Обама менен Путин Мексикада жолугушууда


Чоң Жыйырманын Мексика саммитине барган АКШ жана Орусия президенттери жолугушуу өткөрүүдө. Бул - эки лидердин Владимир Путиндин 3-президенттик мөөнөткө кайтып келгенден кийинки алгачкы кездешүүсү. Ак Үйдүн маалыматына ылайык, Барак Обама менен Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн чордонунда Сириядагы кризис жана Ирандын ядролук программасы болмокчу. Вашингтон Москва президент Башар Асадды бийликтен кетүүгө көндүрүүгө көмөктөшөт деп үмүт артууда.

Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Орусия Дамаскты курал-жарак менен камсыз кылууда деп айыптаган. Москва андай дооматтарды четке кагууда. Интерфакстын маалыматына ылайык, бүгүн Орусия деңиз күчтөрүнүн эки кемеси Сириянын жээгине жөнөп кетти. Кемелер ал өклөдөгү орус жарандарын жана аскердик базаны коргошоору кабарланууда.

XS
SM
MD
LG