Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:54

Талас: Адамдарды селден сактап калгандарга сыйлык берилет


Талас облусунда сел агазып бараткан адамдарды сактап калган жергиликтүү тургундарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сыйлыгы тапшырылат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Анын айтымында, 18-июнда министр Кубатбек Боронов Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустук башкармалыктарынын жетекчилери менен жолукту. Жазгы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштери аяктап калганы айтылды.
Өз ишине кайдыгер караган айрым жетекчилерге эскертүү жана сөгүш берилди.

19-майда 17:30 чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын тургуну 2002-жылы туулган Садыркул уулу Эмил мал кайтарып жүргөн жеринен селге агып кеткен. Аны көрүп калган Ынтымактын тургундары 1957-жылы туулган Калыбек Алчынбаев жана 1981-жылы туулган Жылдызбек Жумабеков Садыркул уулу Эмилди селден алып чыгып, аман сактап калышкан.

Ошол эле күнү Акназаров айыл аймагынын Кызыл Октябр айылынын тургуну 1982-жылы туулган Марат Чулуев талаада мал жайып жүргөн жеринен кокусунан селге агып кеткен. Ошол эле айылдын тургуну, 1991-жылы туулган Курманбек уулу Осмонкул жана Көк-Таш айылынын тургуну 1980-жылы туулган Азамат Белеков экөөлөп агып бараткан Марат Чулуевди селден алып чыгып, ооруканага жеткирип аны да сактап калышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адам өмүрүн сактап калган төрт жаранга көрсөткөн эрдиги үчүн сыйлык бермей болуп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG