Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Электр энергиясын саткан ортомчу компанияларды текшерүү уланууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика жана өнөр жай министрлигинин бөлүм башчысы Тимур Орозалиев билдирди. Анын айтымында, аталган министрлик Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызмат менен биргеликте комиссия түзгөн.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 14-майда ортомчу компаниялардын ишин текшерүүнү тапшырган. Бүгүн өкмөттүн жыйынында ушул маселе талкууланат.
Кыргызстанда электр энергиясын саткан 21 ортомчу компания бар. Коомчулукта бул компаниялар коррупциянын булагы экени айтылып, аларды жоюу демилгеси көтөрүлүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG