Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

“Гүлазыктын” пайда-зыяны талданат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалык саясат комитетинде “Гүлазык” программасынын пайда-зыяны каралат. Буга чейин айрым дарыгерлер, медицина тармагындагы окумуштуулар бул программаны колдоп парламентке кайрылуу жолдогон болчу.

2009-жылдан бери Кыргызстанда 6 айдан 2 жашка чейинки наристелер арасында аз кандуулук жана башка оорулардын алдын алуу үчүн тамакка кошуп берчү "Гүлазык" деген азык бекер таратылууда. Адистердин билдиришинче, анын курамы Кыргызстандын шартына, баланын организмине жараша иштелип чыккан.

"Гүлазыкты" таратууга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги уруксат берген. Бирок айрым адистер анын курамы туура эмес түзүлгөнүн, балага пайдасынан зыяны көп экенин айтып чыккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG