Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Ош - Өзгөн жолунун боюнда ондогон оор жүк ташуучу унаа токтоп турат


Ушу тапта Ош шаарынын чыга беришинде Ош - Өзгөн унаа жолунун боюнда сексендей кара май ташуучу унаа токтоп турат деп кабарлайт "Азаттыктын" кабарчысы.

Айдоочулар өкмөттүн Бишкектен республиканын түштүк аймагына кара май ташыгандарга тыюу салган токтомуна нааразы экенин айтып жатат. Бул токтом эки жылдан кийин күчүнө кирсе же такыр эле жокко чыгарылса болот эле дешүүдө.

Быйыл жазында өкмөт 30 тоннадан ашык жүк ташыган унаанын жолдо жүрүшүнө тыюу салган болчу.

Нааразы айдоочулар 18-июнда Бишкек - Ош жолун тосуу аракетин жасашкан. Бирок милиция бул аракетке бөгөт койгон.

Айдоочулардын талабы өлкө жетекчилигине жеткирилет деп мамлекет башчысынын түштүк аймагы боюнча кенешчиси Виктор Черноморец убада бергени айтылууда. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG