Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

АКШ Таласка футбол аянтчасын куруп берди


Бүгүн Талас шаарында кичи-футбол ойногонго атайын аянтча ачылды. Ага 81 миң доллар каражатты АКШнын USAID агенттиги бөлүп берди. Жергиликтүү бийликтин жана элдин да салымы болду. Аянттын ачылыш салтанатына АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен катышты. Кичи-футбол аянтчасы шаардык базарга, мектепке жана эл көп жашаган аймакка жакын жайгашкан.


АКШ өкмөтүнүн USAID/OTI программасы 2010-жылдын жаз айларындагы Кыргызстандагы саясый кризистен кийин ишке ашырыла баштаган. Максаты - жай турмушка келүүгө жардамдашуу. (RK)

XS
SM
MD
LG