Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Ирандын Р5+1 менен сүйлөшүүсү майнапсыз болууда


Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү 18-июнда Москвада башталган. Расмий адамдардын айтышынча, эки жак тең мунасага баргысы келбегендиктен, сүйлөшүүдө азырынча жалчырлык жылыш жок. Р5+1 тобуна АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кирет. Тараптардын акыркы эки ай ичинде Ыстамбулда жана Багдадда болгон кездешүүлөрү ийгиликсиз аяктаган. Ядролук программасы тынчтык максатын көздөөрүн айткан Иран уранды байытуу укугун бакубат өлкөлөрдүн таануусун каалайт. Ошондой эле Евробиримдик 1-июлдан киргизилчү мунай эмбаргосунан баш тартуусун талап кылууда.

XS
SM
MD
LG