Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Казакстанда 11 чек арачы армиядан качты


Кызматын таштап деп шектелген аскерлер казак-кытай чек арасында кызмат кылышканын, армияга былтыр ноябрда чакырылганын Казакстандын мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Маалымдалганга караганда, 11 чек арачы каруу-жарактарын 18-июнда таң эртең Зайсан районундагы Терисайрык постуна таштап кетишкен. Чек ара кызматы аскерлер зобун-зордуктан улам качкан болушу мүмкүн деп боолгойт.

Үч апта мурда казак-кытай чек арасындагы посттордун биринде 14 аскер жана бир токойчу өлтүрүлгөн. Тирүү табылган чек арачы, 19 жаштагы Владислав Чекалин кызматташтарын ага көрсөткөн кордуктары үчүн өч алуу максатында өлтүргөнүн айтканы телевидениеден көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG