Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:06

Электр тармагындагы жемкордук боюнча кылмыш иштер сотко өттү


Кыргызстандын энергетика тармагындагы ишканалар жемкордуктун айынан мамлекеттик бюджетке 13 миллион сом зыян келтирди. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиев билдирди.

«Чыгышэлектр» ишканасы, Кыргызстандын улуттук электр түйүнү жана Бишкек электр жылытуу борборунун өкүлдөрү кылмыш жообуна тартылды. Алардын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

«Иш козголгондордун арасында негизги фигурант Улуттук электр түйүнүнүн башкы директорунун орун басары Кеңешбек Мурзакматов», - деп кошумчалады Бектен Сыдыгалиев.

Мындан сырткары Ош жана Жалал-Абаддын электр тармагында да жемкордук схемалары табылган. УКМКнын кызматкерлери аны мамлекеттик сатып алуу тармагында олуттуу маселе деп баалайт. (AKu/RK)

XS
SM
MD
LG