Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Акун: Өзгөчө кырдаалда адам укугун коргоого Кыргызстан толук даяр эмес


Кыргызстан өзгөчө кырдаал учурунда адам укуктарын сактоо жагынан дагы иштеш керек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Акун бул күндөрү Бакы шаарында өтүп жаткан акыйкатчылардын эл аралык конференциясына катышууда. Аталган жыйын Азербайжандын акыйкатчы институтунун 10 жылдыгына арналып уюштурулган. Ага 32 өлкөнүн өкүлү чакырылган.

Талкууланып жаткан негизги маселе - сел, согуш, жер титирөө жана башка кырсыктар учурунда адам укуктарынын сакталышы.

"Кыргызстан мындай учурда жарандардын укугун сактоо жагынан даяр деп айтууга болбойт. Дагы иштеш керек. Атайын психологдор болушу зарыл. Тиешелүү эл аралык уюмдар менен байланыш түзүү керек", - дейт Акун.

Кыргызстан табигый шартына жараша жыл сайын, айрыкча кышында жана жаз мезгилинде сел, көчкү, кар көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарына көп кабылат. (RK)

XS
SM
MD
LG