Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Бишкектин бюджетин жарандык көзөмөлгө алуу сунушталууда


“Жаштар жаңы кадр саясаты үчүн” деп аталган кыймыл Бишкек шаарынын бюджетин жарандык көзөмөлгө алууну сунуштап жатат. Бүгүн президентке караштуу Башкаруу академиясында мындай долбоордун бет ачары болот. Демилгечилердин билдиришинче, ал шаардык казынаны сарамжал пайдаланууга, ысырапкорчулукка жол бербөөгө багытталган. Долбоордун алкагында шаардыктардан турган ыкчам борбор түзүлөт, алар кайсы акча каякка жумшалаарын чогуу талкуулап чечет. (EBM)

XS
SM
MD
LG