Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Жаштар үчүн жайкы достук лагери уюштурулат


Быйыл жай ичи өлкөнүн ар аймагынан келген 400дөй студент жана окуучу Ысык-Көлдө “Барчын” пансионатында эс алат. Иш-чараны Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жаштар арасында достукту бекемдөө үчүн уюштуруп жатат. Анда улут аралык жаңжалдын алдын алуу, аларды чечүү, сабырдуулук боюнча талкуулар, иш-чаралар өтмөкчү.

Мындай лагерь алгач 2010-жылы Кыргызстандагы улут аралык жаңжалдан кийин уюштурулган. Ошондон бери баш-аягы миңден ашуун улан-кыз катышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG