Британиянын Жаратылыш журналы жана Германиялык Франкфурте Алгемайне Цайтуң гезитинин жазышынча, Понтанын Эл аралык Кылмыш соту тууралуу 2003-жылы жактаган докторлук ишинин жарымынан көбү румыниялык жана чет элдик авторлордон көчүрүлүп алынган. Понта бул айыптоону экс-президент ич күйдүлүк менен уюштуруп жаткандыгын айтууда. Акыркы бир жыл ичинде Европада плагиаризм айыптоосу бир катар саясатчыларды, анын ичинде Венгриянын президентин, Германиянын Коргонуу министрин кызматынан кетүүгө мажбурлады. (JCh)