Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Украин футбол командасынын жетекчиси эл аралык футболдон кетет


Андрей Шевченко ал Украина үчүн эл аралык акыркы оюнун ойногонун билдирди. Шевченко Европалык чемпионатта Украина Англияга 1-0 эсебинде утулуп калгандан кийин сүйлөдү. 2004-жылы Дүйнөлүк Футболчу деп табылган 35 жаштагы Шевченко Украина үчүн 111 жолу ойноду.

Д тобунда Донецкиде Англияга утулгандан кийин Украина европалык чемпионаттан чыгып калды. Бул топто Швеция Францияны 2-0 эсебинде утуп, биринчи жеңишке ээ болду. Утулганына карабастан Франция Англия менен бирдикте Д тобунда кийинки айлампага өттү. 21-июнда Чехия Португалия менен ойногону жатат. (JCh)

XS
SM
MD
LG