АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган «Киши аткезчилиги боюнча жылдык отчетунда дүйнө жүзүндө 27 миллион киши, аялдар, жана балдар мажбурлап иштетүү, балдардын кулчулугу жана сексуалдык аткезчиликтин тигил же бул формасына кабылгандыгы болжолдонот. Экс-советтик жумурияттардан бул жаатта Грузиянын өкмөтү алгылыктуу чараларды көрүп жаткан биринчи топко кошулган. АКШнын аткезчиликтин курмандыктарын коргоо мыйзамын аткаруу үчүн бир катар аракеттерди жасап жаткан өлкөлөрдүн арасында Армения, Казаскстан, Молдова, Тажикстан жана Кыргызстан аталат. (JCh)