Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

Токмоктогу айнек завод кайрадан ишке кирди


Чүйдүн Токмок шаарындагы айнек чыгаруучу завод кайрадан иштеп калды. Бүгүн ал жерге жаңы орнотулган жабдууну өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев барып көрдү. Ишкана эми жаңы дем менен иштей баштаарын айтты.

Завод 1972-жылы ачылган. 2000-жылы банкрот делген "Айнек" ишканасын германиялык "Штейнерт Индастриз" компаниясы сатып алган. Соңку эки жылдан бери өндүрүш токтоп турган. Эми суткасына 600 тонна, ал эми жылына 219 миң тонна айнек чыгара алат. (RK)

XS
SM
MD
LG