Таласта облус губернаторунун орун басары пара алды деген айып менен беш жылга кесилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Губернатордун орун басарынын милдетин аткаруучу Нусупжан Бектенов боюнча кылмыш иш быйыл февралда Талас шаардык сотунда каралып, судья аны актап чыгарган. Бирок териштирүү облустук сотто кайра уланып, кечээ Бектеновдун колуна кишен салып, убактылуу кармоочу жайга алып кетишти. (RK)