Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Немец өкүлдөрү казак оппозиционерин бошотууга чакырды


Болот Атабаев.
Болот Атабаев.
Германиянын федералдык өкмөтүнүн адам укуктары боюнча комиссары Маркус Лёнинг казак бийликтерин оппозициячыл саясатчы жана театр ишмери Болот Атабаевди абактан бошотууга үндөдү. Немец укук коргоочусунун пикиринде, Атабаев ой-пикирди эркин билдирүү жөнүндөгү конституциялык укугун колдонгону үчүн гана айыпталууда.

Жаңы-Өзөн шаарындагы былтыркы кан төгүүгө байланыштуу “социалдык кастыкты козуткан” деп айыпталган Атабаев өткөн аптада камакка алынган. Аны бошотуу чакырыгына немецтердин белгилүү кинорежиссеру Фолькер Шлендорф да кошулду.

Атабаев быйыл августта немец жана казак театрлары ортосундагы кызматташтыкка кошкон салымы үчүн Гёте медалын алууга чакыртылган. (UE)

XS
SM
MD
LG