Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Парламент Кумтөр маселесин талкуулап жатат


Жогорку Кеңеште «Кумтөр оперейтинг» компаниясы тарабынан жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүш процессинин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча иши, мамлекеттин көзөмөлү талкууланууда.

Жыйынга премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болгон өкмөт мүчөлөрү, мекеме жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн башчылары, “Кумтөр оперейтинг компани” жетекчилиги менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кен жайгашкан аймак тургундары катышууда.

Кумтөр боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров компаниянын иши боюнча бир топ сын пикирин айтып, тиешелүү маалыматтарды берди.

Анын айтымында, кыргыз өкмөтү менен «Кумтөр оперейтинг компани» ортосундагы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишим үч ирет кайрадан жаңыртылып түзүлгөн. Келишимде 208 тонна алтын кору көрсөтүлгөн, бирок чынында ал жерде алтын кору 953 тоннаны түзөт. Ошондой эле, кен ылгоо ишканасын куруу үчүн жумшалган каражат долбоордо каралгандан ашык чыгымдалган.

Талкуу уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG