Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

УЕФАнын башкы калысы Украина гол киргизгенин моюнга алды


Пьерлуиджи Коллина.
Пьерлуиджи Коллина.
Европанын футбол федерациялар ассоциaциасынын калыстар комитетинин башчысы Пьерлуиджи Коллина кечээ Украина Англияга киргизген голду эсептебөө жаңылыштык болгонун белгиледи.

Коллина бүгүн Варшавадагы басма сөз жыйында кошумчалагандай, кечээги оюнду тейлеген венгриялык калыс Виктор Кассай жана анын жардамчылары алдыдагы мелдештерден четтетилет.

Англияга 1:0 эсебинде жеңилген Украина Европанын футбол чемпионатынын кийинки айлампасына илинбей калды.

Бул талаштуу жыйынтык менен аяктаган мелдештен кийин Дүйнөнүн футбол федерациясы – ФИФАнын башчысы Зеп Блаттер ири мелдештерде топ дарбазанын сызыгынан өткөнүн автоматтык түрдө каттоочу электрондук системаны киргизүү зарылдыгы жаралганын айтып чыкты.

ФИФА бул маселени июлдагы жыйынында карамакчы. Азыр ири мелдештерде дарбазанын артында башкы калыстын жардамчысы турат. (UE)

XS
SM
MD
LG