Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Москвада сот Пуси Райот ырчыларынын убактылуу абак мөөнөтүн узартты


Сот Пуси Райот рок тобунун тентектикте айыпталган үч мүчөсү Надежда Толоконникова, Екатерина Самуцевич менен Мария Алохинаны аз дегенде 24-июлга чейин убактылуу камак жайында калтырууга өкүм кылды. Үчөө президент Владимир Путиндин бийликте кала беришине каршы Маскөөдөгү Христос Куткаруучунун ибадатканасында ырдап чыккандан кийин камакка алынган. Жети жылга чейинки мөөнөттөргө кесилиши мүмкүн болгон үч ырчынын үстүнөн сот иши качан болоору аныктала элек. Кечээ полиция соттун сыртында нааразылык акциясына чогулган Пуси Райоттун аз дегенде 15 колдоочусун кармап кетти.

XS
SM
MD
LG