Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

Кыргызстан эл аралык экономикалык форумга катышууда


Бүгүн Санкт-Петербургда эл аралык экономикалык форум ачылууда. Орусия президенти Владимир Путин форумга Кыргызстандын президентин да чакырган. Алмазбек Атамбаев Санкт-Петербургга бүгүн жөнөп кеткенин анын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эл аралык форумда глобалдуу экономика маселелери талкууланат. Ал 1997-жылдан бери Орусия бийликтери тарабынан өткөрүлүп келатат. Жыл сайын форумга 60тан ашуун мамлекеттен келген 4000дей өкүл катышат. Алар негизинен мамлекет башчылары, саясый лидерлер, өкмөт башчылары, вице-премьерлер,министрлер, губернаторлор, ири орусиялык жана чет мамлекеттик компаниялардын жетекчилери. (RK)

XS
SM
MD
LG