Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Фарафоновдун соту кийинкиге калды


Улут аралык мамилени козуткан деп соттолуп жаткан блогер Владимир Фарафоновдун соту 29-июнга жылды. Анын жубайы Гүлнара Фарафонова бүгүн сотко кайрылып, жолдошу өзүн начар сезип жатканына байланыштуу соттук отурумду кийинкиге жылдырууну өтүндү.

Ошондой эле Фарафонов коомдук жактоочусу Токтайым Үмөталиевадан да сотту кийинкиге калтырууну өтүнүүсүн суранган.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда интернетке жарыялаган макалалары улут аралык мамилени козуткан деп айыпталып жаткан блогер Владимир Фарафонов боюнча сот өкүмү чыкмак. Ал өзүнүн күнөөсүз экендигин билдирип келатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG