Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

22-июнга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
21-25-июнда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел журүшу мүмкүн.

Аба ырайы
22-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана республиканын тоолуу райондорунда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 30...35,
Талас облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34,
Баткенде түнкүсүн 16...21 күндүз 30..35 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23 күндүз 31...36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12..17 градус, күндүз 25...30
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 24..29,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2..7, күндүз 22...27,
Тоолордо түнкүсүн 0...5, ал эми күндүз 9..14 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20, күндүз 33...35 градус болот.

Бүгүн (21-июнда) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 19 градус болду.

XS
SM
MD
LG