Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Ош: Сатылып кеткен үйдүн тургундары митингге чыкты


Бүгүн Оштун борбордук аянтында үч жүздөй киши катышкан митинг өттү. Алар өзүлөрү жашаган жатакана боюнча акыйкат чечим чыгарууну талап кылышты. Митингчилер менен жолуккан биринчи вице-мэр Алимжан Байгазаков бул маселе мыйзам негизинде гана чечилиши керек экенин айтты. Акыйкат чечим чыгышына мэрия колдон келген аракетин жасаарын билдирди.

Оштун Касымбеков көчөсүндө жайгашкан Ак-Мөөр жатаканасында 83 үй-бүлө жашайт. Мурда бул имаратта пахтадан кездеме токуучу комбинаттын санаторийи жайгашчу. 2008-жылы жатакананын имараты жеке колго сатылып кеткен. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG