Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Орусияда жогорку окууну аяктаган кыргызстандыктар менен элчи жолукту


Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов орусиялык жогорку окуу жайларды быйыл ийгиликтүү бүтүргөн кыргызстандык жаштар менен жолукту. Элчиликтен "Азаттыкка" кабарлашкандай, жолугушууга окууну кызыл диплом жана алтын медал менен аяктаган 23 улан-кыз катышты. Алар - Москва мамлекеттик университети, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту, Федералдык коопсуздук кызматынын академиясы, Орусия мамлекеттик мунай жана газ университети, Москва аскер университети, Москва техникалык университети жана башка окуу жайлардын бутүрүүчүлөрү.

Жолугушууну уюштурууга Кыргызстан жаштарынын "Жаш толкун" уюму көмөктөштү.

Жогоруда аталган жаштар окууга мамлекеттик квота боюнча жөнөтүлгөн. Мыйзам боюнча, алар кайра Кыргызстанга келип иштеши керек. Бирок элчи менен сүйлөшүп олтуруп алардын көпчүлүгү Бишкекке барганда жумуш табуу кыйын экенин айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG