Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Баткенде барымтага алынган тажиктер бошотулду


Баткен районунда жергиликтүү тургундар барымтага алган 16 тажик жараны кайра кое берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы Кубатбек Айбашов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 20-июнда Тажикстандын аймагында баткендик үч жаранды 30 килограмм кызыл сымап алып жүргөнү үчүн тажик күч түзүмдөрү кармап кеткен. Кармалгандардын бошотулушун талап кылып алардын жакындары, Баткен районунун Кара-Бак айылдык аймагындагы Достук айылынын 150дөй тургуну бүгүн эртең менен Баткенге соода кылганы келген 16 тажик жаранын барымтага алган.

"Бүгүн түшкө чейин губернатордун орун басары Саиджан Эратов, милиция, прокуратура, УКМК өкүлдөрү барып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тажик жарандарын барымтага алгандар аларды кое берди", - деди Айбашов.

Анын айтымында, "учурда чек ара аймагында абал тынч, улут аралык жаңжал жөнүндө сөздөр негизсиз".

Тажикстандын маңзат көзөмөлдөө органдары кармап кеткен үч кыргызстандыкты бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG