Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылында «Айылбанк» бөлүмү ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы Кубатбек Айбашов билдирди.
“50 миңден ашуун эл жашаган бул аймактагы жашоочуларды каржылык тейлөө маселеси көптөгөн элдик чогулуштарда дайыма көтөрүлүп келген", - дейт Айбашов.
Кыргыз айыл чарба финансылык корпорациясынын базасында уюшулган "Айылбанк" кардарларды каржылык тейлөөдөн тышкары дыйкандарга техниканы лизинг шартында берет. Анын өкүлчүлүктөрү Кыргызстандын булуң-бурчундагы элүүдөй айылда ачылган. (RK)