Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Брейвиктин соту соңуна чыгууда


Ослодо экстремист Андерс Беринг Брейвиктин соту аяктоодо. 10 жумага созулган процессти жыйынтыктап жатып, прокурорлор “2011-жылдын 22-июлу Норвегия үчүн улуттук травма” болгонун айтышты. Өзүн мусулмандарга каршы согушкер катары сүрөттөгөн 33 жаштагы Брейвик ал күнү 77 кишини өлтүргөнүн моюнга алды. Муну менен ал көп улуттуулукту колдогон өкмөттү жазалоону көздөгөнүн айтууда. Бүгүн айыптоочу тарап бейкүнөө адамдарды аткылаган Брейвиктин саламаттыгы боюнча бүтүмүн жарыялашмакчы. Анын акыл-эси ордунда деп табылса, өмүр аягына чейин абакка кесилиши мүмкүн. Брейвикти оорукчан деп таанышса, психикалык клиникага жайгаштырылат.

XS
SM
MD
LG