Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Пакистан соту өкмөт башчылыкка талапкерди камоо буйругун берди


Пакистандын маалымат каражаттары өкмөт башчылыкка көргөзүлгөн Махдум Шахабуддинди камакка алуу ордери берилгенин кабарлашууда. Тартип коргоо органдары ал саламаттыкты сактоо министри болуп турган кезинде маң заттарынын аткезчилигине малынган деп шектенишүүдө. Президент Асиф Али Зардари аны өкмөт башчылыкка бүгүн көрсөткөн. Текстиль өнөр жайынын министри Шахабуддин башкаруудагы “Пакистандын Элдик партиясынын” ветеран-мүчөсү. Анын талапкерлиги жума күнү парламентте колго салынмак. Бир нече күн мурун Жогорку сот премьер-министр Юсуф Реза Гилани кызматында кала албайт деген чечим чыгарган. Экс-премьер соттун чечимине баш ийбей, президент Зардариге каршы кылмыш ишин кайра козготпой койгондугу үчүн апрель айында күнөөлүү деп табылган. Гилани Зардари мамлекет башчы катары толук имунитетке ээ деп айтып келатат.

XS
SM
MD
LG