Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

“Курманжан датка” тасмасын тартуу башталат


Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шернияздын “Азаттыкка” билдиришинче, “Курманжан датка” тасмасын тартуу жараяны жакынкы күндөрү башталат. Учурда актер-актрисаларды ролдорго бекитүү жүрүп жатат. Шернияздын айтымында, актерлерду тандоо оор болууда.

Буга чейин Курманжан датка тууралуу даректүү тасма тартылган болчу. Кыргыз өкмөтү Датка тууралуу тарыхый тасма тартуу үчүн 40 миллион сом бөлгөн. Былтыр Кыргызстан Алай ханышасынын 200 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилеген болчу.

Бүгүн Бишкекте кыргыз киносунун азыркы абалы жана келечегине арналган талкуу өткөнү жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG