Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөргө байланыштуу маселени талкуулоону улантат. Алтын кендеги абалды иликтеген депутаттык комиссия 20-июнда парламент жыйынында “Центерра голд” компаниясы менен келишимди бузууну камтыган токтом даярдаганын маалымдаган.
Былтыр кыргыз өкмөтү аталган компания менен жаңы макулдашуу түзгөн. Ага ылайык, компаниянын бир вице-президенти кыргызстандык болоору белгиленген. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов депутаттарды Кумтөр боюнча шашылыш чечим кабыл албоого чакырууда. (EBM)