Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:51

Айчүрөктү эки бутунан ажыраткан айдоочу кайра соттолот


Таласта 13 жаштагы кызды коюп кетип эки бутунан ажыраткан айдоочунун үстүнөн сот кайра башталат. Мындай чечим Жогорку Сотто кабыл алынганын "Азаттыкка" кыздын атасы Жылдызбек Таштекеев билдирди.

Талас райондук соту буга чейин айдоочу Жаныбек уулу Азаматты шарттуу түрдө үч жылга кесип, кыздын дарылануусуна бир миллион сом төлөп берсин деген чечим чыгарган.

Бирок Айчүрөктүн атасы кийин Талас облустук судьялар коллегиясына кайрылып, ишти кайра башынан карап берүү өтүнүчү менен кайрылган. Себеби, анын айтымында, тергөө документтеринде, жазылган кагаздарда көптөгөн каталар болгон.

21-июнда Жогорку Сот Таштекеевдердин бул өтүнүчүн канааттандырып, ишти кайра башынан райондук сотто, бирок жаңы судьялык курамда каралсын деген чечимин чыгарды.

Таластагы Талды-Булак айылынын 14 жаштагы тургуну Айчүрөк өткөн жылдын август айында жолдун бою менен эки бөбөгүн ээрчитип баратканда машине коюп кеткен. Катуу ылдамдыкта келаткан машинени көрүп, инилерин түртүп жибергенге үлгүрсө да, өзүнүн эки буту жанчылып калган. Андан бери Бишкекте төрт ирет операция болду.

"Азаттык" жана башка маалымат каражаттарынын жардамы менен чогулган акчага учурда Айчүрөктү Швейцарияга дарыланууга жиберүү даярдыгы көрүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG