Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Ошто кайрадан суу токтоду


Ош шаарында кечээ кечинде таза суу токтоду. Мунун себебин шаардык суу чарба башкармалыгы нөшөр жаанга байланыштуу Ак-Бууранын суусу ылай болуп кеткени менен түшүндүрүүдө. Эгер дайрадагы суу кечке чейин тазаланып калса, таза суу кайра бериле баштайт.

Ошто ачык суу сактагыч ыкмасы аркылуу таза суу берилгендиктен, нөшөр жаанда жана жер көчүп, ылайланганда суу берүү токтотулат.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, Евразия чөлкөмү боюнча Ош жана Бакы шаарларында гана таза суу берүүдө ачык суу сактагыч ыкмасы колдонулат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG