Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Баш прокуратура: Түлеев боюнча беренеге кол тийбестик укук жарабайт


Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, коррупция үчүн айыпталууда. Бул нормага карата депутаттык кол тийбестик укук жараксыз деп бүгүн Баш прокуратура билдирди.

Түлеевди кечээ кечинде Баш прокуратурага суракка алып келишкени, бирок Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Алтынбек Сулайманов, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Талант Мамытов, Элмира Иманалиева, Анарбек Калматов, Нургазы Айдаров, Дастан Жумабеков, Жыргалбек Саматов жана Каныбек Иманалиев аны алып чыгып кетишкени айтылууда.

Бирок Баш прокуратура Түлеевдин айыбы боюнча анын кол тийбестиги жараксыз экенин билдирди. "Себеби ал Бишкек шаарынын мэри болуп турганда, 2008-жылы Кытайдан шаардыктарды тейлөө үчүн автобус саттырып келип, 50 миллион сомдук зыян келтирген жана муниципалдык облигацияларды чыгарууда да мыйзам бузган" деп эсептейт Баш прокуратура.

Нариман Түлеев кечээ бошотулгандан кийин журналисттерге прокуратура имаратынын ичинде эч нерсе тууралуу сүйлөшпөгөндүгүн айтты. Бирок кол тийбестик укугуна шек келгенин белгилеп, бул окуя боюнча сотко, керек болсо Европа комиссиясына кайрыла тургандыгын билдирди:

Буга чейин бир да жолу тергөө иштерине чакырышкан эмес. Алардын артынан 3 ай жүрдүм, жактоочум да жүрдү, бизге эмне сурооңор бар деп. Эч кандай маалымат жок, - деди Түлеев. (RK)

XS
SM
MD
LG