Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Баткенде эки жеңил унаа селде калды


Баткен облусунун айрым айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагына караштуу Сары-Дөбө айылында кечээ түнкү он бир чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Касай-Сай, Кара-Баштоо сай, Кескен-Таш, Сегиз-Бай сайларына мурда тазаланган жерлерине кайра кум шагыл толуп калды.Тогуз-Булак айыл аймагындагы Мин-Жыгач айылында эки жеңил унааны да сел баскан. Адам өмүрүнө, турак жайга зыян келген жок.

Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагында да ушул түнү катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Кызыл-Булак – Тамаша ички чарбалык унаа жолунун 100-200 метр аралыгы жараксыз болуп калды. (RK)

XS
SM
MD
LG