Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:22

Пакистандын парламенти бүгүн жаңы премьер-министрди дайындоону талкуулап жатат


Буга чейинки өкмөт башчы Юсуф Реза Гилани ушул аптада Жогорку соттун чечими менен кызматтан алынган. Азыр премьер-министрлик кызмат үчүн үч талапкер ат салышууда. Бүгүнкү добуш берүүдө депутаттар башкаруучу коалиция талапкерлигин сунуш кылган Энергетика жана суу ресурстары министри Ража Первез Ашрафты жактырышат го деп күтүлүүдө. Анткени парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүк орунду башкаруучу Пакистан Элдик партиясы ээлейт. Бул партия алгач Текстиль өнөй-жайы министри Махдум Шахабуддиндин талапкерлигин сунуштаган, бирок аны кармоо боюнча кечээ соттун ордери чыккан. Ал Саламаттыкты сактоо министри болуп турган чакта баңги заттын мыйзамсыз импортуна катышкан деп шектешүүдө.

XS
SM
MD
LG