Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

"Азаттыктын" кабарчысы Кожобаева Кадр кызматынын чыгармачыл сынагын утту


"Азаттыктын" кабарчысы Замира Кожобаева Кыргызстандын Кадр кызматы өткөргөн чыгармачыл сынакты утту. Анын түз ободо уюштурган талкуусу сынакка катышкан радиоматериалдардын арасынан эң мыкты аталды. "Эффективдүү мамлекеттик кызмат - Кыргызстандын туруктуулугунун жана гүлдөп өнүгүүсүнүн кепилдиги" деген темада журналисттер арасында уюштурулган сынактын жыйынтыгы бүгүн чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. "Азаттыктын" жалпы жамааты Замира Кожобаеваны куттуктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG