Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Ооганстанда мейманканага жасалган чабуулда өлгөндөрдүн саны 20дан ашты


Полициянын соңку кабарына караганда, Кабулдун четиндеги мейманканага талиптер өткөн түнү чабуул коюшкан. Алар менен 12 саатка созулган тирешүүдөн кийин 20дан ашуун адам өлдү. 18 кишини козголоңчулар атып салышканы, алардын көпчүлүгү жайкын тургундар экени аныкталды. Бийликтер мейманканага чабуул койгон төрт козголоңчунун баары өлтүрүлгөнүн да кошумчалашты. Талиптердин куралчан козголоңчулары Карга көлүндөгү мейманканага чабуул коюп, адамдарды барымтага алышкан. "Талибан" өзүнүн чабуулунун себебин “бул мейманканада бай оогандар менен чет өлкөлүктөр адепсиз кечелерди өткөрүшкөн” деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG