Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Евро-2012: Бүгүн Германия менен Греция беттешет


Евро-2012 футбол чемпионатынын алкагында Польшанын Гданьск шаарында Германия менен Грециянын командалары чейрек финалдын экинчи оюнунда бүгүн беттешмекчи. Кечээ Варшавада Португалия менен Чехиянын командалары ушул чейрек финалдын алкагындагы алгачкы мелдеште күрөшүп, португалиялыктар чехтерди 1:0 эсебинде утуп алышкан. Голду Португалиянын жылдызы Криштиану Роналду киргизди. Эми Испания менен Франциянын беттешинде кимиси жеңсе, Португалия финалга чыгыш үчүн ошол команда менен ойномокчу.

XS
SM
MD
LG