Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Түштүктүн бир нече районунда сел жүрдү


Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылында кечээ кечки саат 18:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Айылды сугат суу менен камсыз кылган каналды суу жеп кеткен. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар минситрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 50 турак үйдүн жер төлөлөрүнө, короо сарайларына суу кирген.

Ошондой эле кечээ Кара-Суу районунун Асан-Чек жана Кыргыз-Чек айылдарында 30 турак үйдүн жер төлөлөрүнө жана короо-жайларын суу каптады. Ушул эле райондо Ак-Терек - Папан - Кожо-Келен унаа жолунун 31-35 чакырымында 3 жерден сел калдыктары түшүп, жолду жаап калган.

Турак үйлөрдүн ичинен сел сууларын сордурууга райондук өрт өчүрүү бөлүмүнүн унаалары тартылган.

Мындан сырткары Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бир нече айылында ушундай жаратылыш кырсыктары катталды. (AKu)

XS
SM
MD
LG