Түркия президенти Абдуллах Гүл Сириялык куралдуу күчтөрдүн түрк истребителин кыйратышына катуу тынчсыздануу билдирди. “Биздин аскерий учак чынында эле бир саамга аба мейкиндигинде Сириянын аймагына өтүшү мүмкүн, бул аскерий учактарда боло жүрчү көрүнүш, бирок истребитель Түркиянын аймагында аткыланышы да мүмкүн, аны иликтешибиз керек”, - деди Гүл.
Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган окуя боюнча билдирүү жасап, иликтөөнүн жыйынтыгына карап кийинки кадамдарыбызды аныктайбыз деди. Кыйраган учак Сириянын аймагындагы Жер ортолук деңизге кулаган. Чек араны кесип өткөн аскерий учакты кыйратканын Сирия мойнуна алды.